2026-жылдын 27-февралында министрликтин Геологиялык фондунун иши менен таанышуу өттү.

2026-жылдын 27-февралында министрликтин Геологиялык фондунун иши менен таанышуу өттү.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А. Турсуниязов Геологиялык фонддун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кыргыз геология кызматынын директордун орун басарлары Р. Калилов жана А. Курманалиев, ошондой эле кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Таанышуу учурунда фонддун ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелер жана системаны жалпы өркүндөтүү багыттары талкууланды.

Геологиялык материалдарды санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан практикалык иштер тааныштырылды.

Өзгөчө көңүл системалуу иш алып барууга, ошондой эле белгиленген пландарга ылайык материалдарды санариптештирүү жана системалаштыруу иштерин улантууга бурулду.

Санариптештирүү системасын киргизүү — берилген тапшырмаларды ишке ашыруунун алкагында Кыргыз геология кызматынын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Таанышуунун алкагында санариптештирүү процессинде колдонулуп жаткан заманбап техникалык жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Жаңы технологиялык чечимдерди колдонуу материалдарды жогорку сапатта сканерлөө жана иштетүү, иштерди ыкчам аткаруу, ошондой эле санариптик маалыматтарды ишенимдүү жана коопсуз сактоо үчүн шарт түзөт.

*********

27 февраля 2026 года состоялось ознакомление с работой геологического фонда министерства.

Заместитель министра природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики А. Турсуниязов ознакомился с деятельностью геологического фонда.

С участием заместителей директора Р. К. Калилова и А. Курманалиева, а также руководителей структурных подразделений службы.

В ходе встречи были обсуждены текущие вопросы и направления совершенствования системы в целом. Представлена практическая работа по оцифровке геологических материалов.

Особое внимание уделено системной организации работы и продолжению реализации намеченных планов по оцифровке и систематизации материалов.

Внедрение цифровой системы является одним из ключевых приоритетов Кыргызской геологической службы в рамках исполнения поручений по цифровизации.