Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдайт!
2025-жылдын 20-сентябрында бүткүл өлкө аймагында «Улуттук тазалык күнү» алкагында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт. Бул иш-чаранын негизги максаты — экологиялык абалды жакшыртуу жана коомдук мейкиндиктерди көрктөндүрүү.
Ишембиликке бардык жарандар, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер жана жеке сектор өкүлдөрү чакырылат. Биригип аракет кылуу менен биз өлкөбүздү дагы да таза, ыңгайлуу жана жашоого жагымдуу кыла алабыз.
• Калктын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу.
Министрлик бардык жарандарды активдүү жарандык позициясын көрсөтүүгө жана өлкөбүздүн тазалыгы менен жаратылышын сактоого өз салымын кошууга чакырат. Сиздин катышууңуз — таза жана дени сак чөйрөнү түзүүдө абдан маанилүү!