“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгын жайылтууга багытталган лекция Жаратылыш министрлигинде өткөрүлдү
Министрликтрликтин кызматкерлеринин руханий азыктануусуна багытталган иш-чара 2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде өттү.
Лекцияны Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев окуду. Лекция Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгынын мазмунун жана максаттарын кеңири түшүндүрүү, ошондой эле аны ишке ашырууда эл менен болгон өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында уюштурулду.
Иш-чарага министрликтин борбордук аппаратынын жана регионалдык башкармалыктардын кызматкерлери катышып, Жарлыктын идеологиялык багыты, руханий маңызы жана коомдогу ролу боюнча кеңири маалымат алышты.
Өз сөзүндө М. Мураталиев мамлекеттик тилдин улуттук демди сактоодогу, руханий баалуулуктарды кийинки муундарга жеткирүүдөгү жана өлкөнүн дүйнөлүк деңгээлдеги аброюн көтөрүүдөгү ордуна өзгөчө токтолду. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы боюнча дагы кызыктуу маалыматтар айтылып, кызматкерлер менен пикир алышуу болду. Ал кызматкерлерди Жарлыкта белгиленген баалуулуктарды күнүмдүк ишинде жайылтууга жана эл менен болгон байланышты чыңдоого чакырды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар лекторго суроолорун берип, Жарлыктын практикалык ишке ашырылышына байланышкан сунуш-пикирлерин бөлүшүштү.








Кыр
Рус