2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин конференц-залында “Тоо-кен тармагындагы ачыктык жана санариптештирүү” темасында тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты 2023–2024-жылдар аралыгында Тоо-кен тармактарындагы ачыктык демилгесинин (КТАД) ишке ашырылышынын жыйынтыктарын тааныштыруу, ошондой эле тоо-кен тармагында отчеттуулук жана лицензиялоо үчүн иштелип чыккан санариптик IT-модулдарды көрсөтүү болду. Тегерек столдун алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасынын казып алуу секторунда санариптештирүүнүн жүрүшү жана башкарууну чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдар, бизнес-коомчулук, жарандык коом уюмдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр ортосунда ачык диалог жүргүзүү үчүн аянтча түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарага Кыргыз геология кызматынын директорунун орун басары А. Курманалиев, ошондой эле (КТАД) нун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, жарандык коом уюмдарынын, компаниялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышты.






Кыр
Рус