Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча коллегия болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча коллегия болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025 жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча коллегиясы өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Төрөбаев, министр М. Машиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Г.Бектурова, министрликтин регионалдык башкармалыктарынын башчылары, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жетекчилери онлайн форматында, ошондой эле жана борбордук аппараттын кызматкерлери катышты.

Коллегиянын күн тартибинде эки негизги маселе каралды:

1.    Министрликтин экология багытындагы ишмердүүлүгү;

2.    Геология тармагындагы жетишкендиктер боюнча маалыматтар угулду.

Суроо-жооп бөлүгүндө вице-премьер-министр Б. Төрөбаев актуалдуу маселелерди көтөрүп, ишти күчөтүү, жаңы технологияларды колдонуу, ыкчамдык менен катар сапатка да көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Министр М.А. Машиев өз сөзүндө жайкы мезгилде айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштер эки эсеге көбөйөрүн айтып, бардык кызматкерлерди жогорку натыйжа менен иштөөгө чакырды.

Геология 

2025-жылдын 30-июнуна карата мамлекеттик ишканаларга жалпысынан 99 лицензия берилип, азыркы учурда алды геологиялык изилдөө жана чалгындоо иштерин аяктап жыйынтыгында запастары көбөйтүлүп казуу иштерине өтүшкөн.

2024-жылдын I-жарым жылдыгына карата 2201 тузсо: 2025-жылдын I-жарым жылдыгына карата 2002 тузду, бул корсоткуч салыштырмалуу 2025-жылдын I-жарым жылдыгында алардын саны 199 га төмөндөгөн. 

Мамлекеттик ишканаларга берилген лицензияларга токтолуп өтсөм,

 2024-жылдын I-жарым жылдыгында 26 лицензия берилсе, 2025-жылдын I-жарым жылдыгына карата 15 лицензия берилген.

Кен байлыктардын запастарынын өсүшү:

№    Аталышы     Саны 

        2024ж. 6 ай    2025ж. 6 ай

1    Алтын    170,7тн (Кумтор 147 тн)    5,8 тн

2    Чачынды алтын    28,3 кг    56,8 кг

3    Күмүш    198,0 кг    3782,6 кг

4    Көмүр    3,1 млн.т.    4,4 млн.т

5    Мрамор    290,9 миң.т.    211,6 миң.т.

6    Кум шагыл аралашмасы    4 млн 91 600  м3    2 млн 48 900 м3

Казып алынган пайдалуу кен байлыктардын көлөмү боюнча маалымат:

2024-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 2025-жылдын  жарым жылдыгында карата алтындын көлөмү 701 кг көбүрөөк, ал эми жаратылыш газынын көлөмү 1.1 млн м3 көбүрөөк өндүрүлгөн 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча:

2025-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгында тоо-кен өнөр жай тармагында өнөр жай продукциясынын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу өсүш болуп, 30 млн 799 364 сомду түздү; 2024-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч  27 млн 955 802 сом болгон. 

Тоо кен тармагындагы салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрү 

2024-жылы 41,5 млрд сом тушсо, 

2025-жылдын 1-жарым жылдыкта 27,84 млрд сом тузду,

 ал эми 2024-жыл 1-жарым жылдыкта 17,9 млрд сом тузгон.

Абанын сапатын жакшыртуу

Атмосфералык абаны коргоо боюнча бир катар маанилүү иштер аткарылды. Бул иштер мамлекеттик деңгээлде координациялоодон баштап, эл аралык кызматташууга чейинки кеңири тармактарды камтыды.

Бүгүнкү күндө, комиссиянын ишинин жыйынтыгында калкты газдаштырууну жеткиликтүү кылуу жана насыялоо боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349 тескемеси кабыл алынды. Анын алкагында учурда 3% үстөк пайыз менен 150 000 сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Бул чара газдаштырууну жайылтууга жана абанын булгануусун азайтууга өбөлгө түзөт.

Газдаштыруу боюнча “Газдаштыруу-2” программасы аркылуу 254 үй-бүлөгө 32 миллион сом бөлүнүп, 54 конуш газ менен камсыздалды. Жаңы туташкан 47 908 абоненттин эсебинен болжол менен 86 миң тонна көмүр колдонулбай калды. Ошондой эле 93 коомдук мекеме газ жана электр энергиясы менен жылытууга өттү.

Транспорт жана инфраструктура жаатында да бир топ жылыштар болду. Бишкек шаарына 1312 экологиялык автобус келип, 100 тонна дизелдик отун үнөмдөлдү. Электромобилдердин саны 3535ке жетип, 44 заряддоо станциясы орнотулду. Ошондой эле 47,1 чакырым велосипед жолу курулду.

ТАШТАНДЫЛАРДЫ БАШКАРУУ

Министрлик калдыктарды башкаруу багытында бир катар мыйзамдык, уюштуруучулук жана инфраструктуралык иштерин жүргүздү.

Жарым жылда импорттоочу жана өндүрүүчү мекемелер тарабынан утилизациялык төлөмгө 23 млн сомдон ашуун каражат которулду.

Калдыктарды жайгаштырууга уруксат берүү боюнча, алты ай ичинде катуу тиричилик калдыктары үчүн 330, ал эми тоо-кен калдыктары үчүн 20 уруксат берилип, 440 миллион сом түшкөн.

Полигондор боюнча республикада административдик-аймактык реформадан кийин калдыктарды жайгаштыруучу жайлардын саны 411ден 290га чейин кыскарды. Алардын ичинен 71 полигондо расмий уруксат бар, ал эми 219у уруксатсыз иштеп жатат.

 “Улуттук тазалык күнү” жана “Пластиксиз Ысык-Көл” акциялары мамлекеттик деңгээлде өткөрүлдү, 1800 гектар аняттан, 1500 тонна таштанды чыгарылып, 614 км канал жана Ысык-Көл жээги тазаланды.

КЛИМАТТЫК САЯСАТ

Министрлик климаттык саясатты өркүндөтүү жана улуттук деңгээлде экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу багытында бир катар маанилүү мыйзамдык, программалык жана эл аралык иштерди жүргүздү. Иштин негизги багыттары катары концепцияларды жана мыйзамдарды иштеп чыгуу, адаптация жана митигация чараларын пландаштыруу, эл аралык долбоорлорду илгерилетүү жана климаттык сүйлөшүүлөргө активдүү катышуу болду.

Министрликтин демилгеси менен “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздуктун Концепциясы” Президентинин 2025-жылдын 27-мартындагы №105 Жарлыгы менен бекитилди. 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү боюнча Концепциясы 2025-жылдын 3-июлунда расмий түрдө кабыл алынып, өлкөнүн климаттык багыттагы узак мөөнөттүү саясаты бекемделди.

МАМЛЕКЕТТИК ЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗА 

Министрлик борбордук жана аймактык деңгээлде жалпы 1066 долбоордук жана ченемдик-техникалык документтерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүздү. 1045 документ оң корутунду алып, 21 долбоорго терс баа берилген. Ал эми 114 долбоор кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарылып, учурда дагы 40 долбоор кароодо турат.

Экологиялык экспертизанын негизги максаты – ар кандай чарбалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудан мурда алардын жаратылышка, экологияга тийгизе турган таасирин алдын ала баалоо, айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин аныктоо жана коркунучтарды минималдаштыруу болуп саналат. Бул – экологиялык коопсуздукту камсыз кылуудагы эң негизги алдын алуу механизми болуп эсептелет.

БИОТҮРДҮҮЛҮК

Биоартүрдүүлүктү сактоо, коргоо жана көбөйтүү багытында бир катар маанилүү иштер аткарылды. “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында өлкө боюнча бак-дарак жана бадал көчөттөрүн отургузуу иштери активдүү жүрүп, жалпысынан 8,5 миллион көчөт отургузуу пландалган болсо, 10-июлга карата 79% аткарылып, 6,7 миллионго жакын көчөт отургузулду. Отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү ушул жылдын күз айларында аныкталат.

БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ 

Министрликтин Бирдиктүү терезе борбору аркылуу экологиялык жана техникалык көзөмөл багытында жарандарга жана ишкерлерге кызматтар көрсөтүлүп, жалпы 6163 арыз кабыл алынган. Анын негизинде 1158 уруксат берүүчү документ берилген: 172 лицензия, 428 уруксат, 533 экспертиза жана 53 эксперттик корутунду.

ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ

2025-жылдын алты айында жалпы 2 609 бузуу фактылары аныкталып, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 67 млн 653 миң сомду түзгөн, анын ичинен 2 370 материал боюнча 33 млн. 869 миң сомдук айып жана 419 материал боюнча 31 млн. 784 миң сомдук доо:

  • Атмосфералык аба боюнча — 535 факты 12 млн. 967 миң сом;
  • Суу ресурстары боюнча — 85 факты 2 млн. 397 миң сом;
  • Калдыктар боюнча — 250 факты 4 млн. 094 миң сом;
  • Жер ресурстары боюнча — 217 факты 20 млн. 933 миң сом;
  • Өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча – 209 факты 5 млн. 273 миң сом;
  • Жаныбарлар дүйнөсү боюнча – 796 факты 9 млн. 997 миң сом;
  • Өнөр-жай коопсуздугу боюнча – 280 факты 5 млн. 201 миң сом;
  • Тоо-кен көзөмөлү боюнча — 160 факты 4 млн. 052 миң сом;
  • Жер казынасын коргоо боюнча — 77 факты 2 млн. 735 миң сом.

Жалпысынан 1 538 иш материалы боюнча 32 млн. 135 миң сом өндүрүлүп, өндүрүмдүүлүк 47,5 % болгон.

2024-жылдын алты айына салыштырмалуу мыйзам бузуулардын саны 1 547 материалга жана суммасы 22 млн. 289 миң сомго көп болгон.

35 млн. 375 миң сомдук 1 070 иш материалы 2025-жылдын 1-июлуна карата өндүрүлбөй калдык болуп калган.