Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Чаткал районуна иш сапар менен барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Чаткал районуна иш сапар менен барды

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары М.Жусупбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районуна барып, райондун акиминин орун басары Чынара Абдыкалыкова менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар райондогу кен казуу тармагын өнүктүрүү маселелерин талкуулап, пайдалуу кен казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана жеке сектор ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгү тууралуу сүйлөшүштү. Бул маселелер Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамынын 7- жана 8-беренелерине ылайык каралды.

Өзгөчө көңүл жекече старателдик негизде кен казуу, айрыкча алтындын кум түрүн казууга бурулду. Министрдин орун басары мындай иштерди жөнгө салуучу жоболордун талаптарын так сактоо зарылдыгын белгилеп, старателдерди маалымдоо жана жергиликтүү органдардын көзөмөлүн күчөтүү керектигин баса белгиледи. Азыркы тапта бул талаптар ар дайым аткарыла бербейт.

Мындан тышкары, М.Жусупбеков геологиялык иштерден кийин бузулган жерлерди калыбына келтирүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады. Рекультивациянын негизги максаты — экологиялык тең салмактуулукту калыбына келтирүү, жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана аларды кайрадан чарбалык жүгүртүүгө киргизүү.

Чаткал району өлкөнүн минералдык-сырьелук потенциалында маанилүү орунду ээлейт. Бул багытта министрлик көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү жана тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү иштерин улантат.