Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлдөрү Жакартадагы ИПДОнун аймактык семинарына катышты.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматынын директорунун орун басары А. Курманалиев, Антикоррупция боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Какешов, Кыргыз геологиялык кызматынын жетектөөчү адиси К. Мамбетов Кыргыз геологиялык кызматы мамлекеттик ишканалардын маалымат ачыктыгын жогорулатуу жана ИПДОнун стандартынын талаптарына ылайык маалыматты сапаттуу ачыктоо маселелерине арналган региондук семинарга катышты.
Иш-чара 2025-жылдын 14–16-октябрында Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп, анын негизги максаты – мамлекеттик органдардын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн потенциалын бекемдөө, ошондой эле ИПДО алкагында ачык маалыматтарды колдонуу жана талдоо көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынан семинарга Кыргыз геологиялык кызматынын өкүлдөрү сунушталган.
Жумушчу сессиянын жүрүшүндө мындан аркы кызматташуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, өлкөдө ИПДО стандартын ишке ашыруу боюнча оң жана туруктуу динамика белгиленди. Өзгөчө көңүл мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүндөгү ачыктык жана отчеттуулук көрсөткүчтөрүнө бурулду.
Иш-чарага ИПДОнун Эл аралык секретариатынын өкүлдөрү да катышты, алардын ичинде:
• Оляна Валигура-Йосетер – ИПДОнун Азия-Тынч океан аймагы боюнча регионалдык директору;
• Александр Молден – ИПДОнун эл аралык секретариатынын эксперти;
• Камал Клейтон – мамлекеттик жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү боюнча адис.
Региондук семинар Албания, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Папуа-Жаңы Гвинея, Филиппин, Тажикстан, Украина, Тимор-Лесте жана Индонезия сыяктуу он өлкөнүн делегацияларын бириктирди.
Катышуучулар мамлекеттик ишканалардын ачыктыгын жогорулатуу, отчеттуулукту жакшыртуу жана жарандык коомдун катышуусун кеңейтүү боюнча тажрыйба алмашышты.

