2025-жылдын август айынын аягында Нарын жана Ош облустарында алтын жана көмүр казуу тармагында бир катар жаңы ишканалар ишке кирди. Алардын ачылышы өлкөнүн тоо-кен тармагынын өнүгүшүн бекемдеп, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджеттерге түшүүлөрдү көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
«Шах Тал» ЖЧК ишканасы (Нарын облусу, Ат-Башы району)
Өндүрүштүк тилкеде даярдык иштер толук аяктап, ишкана алтын казып баштады.
Өндүрүш кубаттуулугу жана инфраструктура:
- Бардык керектүү жабдуулар жеткирилип, орнотулган;
- Жылына 5–7 кг алтын өндүрүү пландалууда;
- Орточо 60 жумуш орду түзүлгөн;
- Жумушчулар үчүн жатакана курулуп, шарттар түзүлгөн.
Укуктук статусу жана лицензиялар:
- 2024-жылдын октябрында Кыргызгеологиянын №3 лицензиясы алынган.
Кошумча маалымат:
- «Балык-Суу» тилкесинде жолдор оңдолгон;
- Техникалардын ремонту жүргүзүлгөн;
- Учурда ишкананын өзүндө 60 адам эмгектенүүдө.
«Кожо Келен» көмүр кени (Ош облусу, Кара-Суу району, Папан айылынын аймагы)
Долбоордун негизги параметрлери:
- Өндүрүштүк кубаттуулук: жылына 6 000–10 000 тонна көмүр;
- Жумуш орундар: 12;
- Курулуш аянты: 3,18 га.
Ишке ашыруу мөөнөтү:
- Курулуштун башталышы: 2025-жыл;
- Аяктоо мөөнөтү: 2025-жылдын ичинде.
Буйрутмачы — «Келечек плюс 7 жети» ЖЧКсы, жооптуу мамлекеттик орган — Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы.
«Беш-Бурхан» көмүр кени (Ош облусу, Т.Кулатов айыл өкмөтү, Баглан айылы)
Инвестиция жана параметрлер:
- Инвестор: «Шаньси Коал Инвестмент Групп» ЖЧКсы (25 млн АКШ доллары көлөмүндөгү келишим);
- Аянты: 317,2 га;
- Баланстык запасы: 38,141 млн тонна көмүр;
- Жумуш орундар: 200.
Укуктук статус жана лицензия:
- 2023-жылдын 2-августунда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы №7274-СЕ лицензиясын алган;
- 2023-жылы инвестордун катышуусунда лицензиялык аянтта съемка жана мурдагы чалгындоо скважиналарын аныктоо иштери жүргүзүлгөн.
Күтүлгөн жыйынтыктар: ишкананын ишке кириши айыл өкмөтүнүн бюджетине салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү камсыз кылып, жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундарын ачат.