2025-жылдын 22-апрелинде –Кыргыз Республикасынын геология тармагы үчүн маанилүү окуя болуп өттү: австралиялык MICROMINE Australia Pty Ltd компаниясынын ортосунда өз ара кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматынан М.Жусупбеков, MICROMINE Australia Pty Ltd компаниясынан Ж.Байров кол коюшту.
Документ геология тармагында санариптик технологияларды ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык өнөктөштүктү карайт. MICROMINE Australia Pty Ltd, тоо-кен казып алуу жана чалгындоо боюнча программалык камсыздоонун дүйнөлүк лидери, өлкөнүн геологиялык кызматынын санариптик трансформациясын жигердүү колдоого алат.
MICROMINE Australia Pty Ltd геологиялык чалгындоо, резервуарларды моделдөө, кенди пландаштыруу жана маалыматтарды аналитика үчүн комплекстүү чечимдерди берүүгө адистешкен эл аралык технологиялык компания. Компаниянын программалык камсыздоосу дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүндө колдонулат жана тоо-кен казып алуу долбоорлорунун бүткүл жашоо циклин – чалгындоодон баштапкы эксплуатацияга иштерин камтыйт.
Кыргыз геологиялык кызматы геология, жер казынасын изилдөө, мониторинг жүргүзүү жана жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн жооптуу негизги мамлекеттик орган болуп саналат.
Кызматтын негизги милдеттерине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, кен байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле геология илимин жана өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүү кирет.
Кызматташтык компаниянын Кыргызстандагы геологиялык билимди жана технологияны өнүктүрүүдөгү биринчи кадамы эмес. MICROMINE Australia Pty Ltd буга чейин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин колдоо үчүн 3 миллион доллардан ашык инвестиция салган. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, окуу жайын лицензияланган Micromine программалык камсыздоонун толук комплекти менен камсыз кылууда. Мындан тышкары, билим берүү демилгелерине, анын ичинде профессордук-окутуучулук курам үчүн атайын тренингдерди өткөрүүгө 1 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөн.
Меморандумга кол коюу Кыргызстандын геологиялык тармагынын илимий-техникалык потенциалын чыңдоонун, квалификациялуу кадрларды даярдоонун жана заманбап чечимдерди өндүрүштүк практикага киргизүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачуунун маанилүү этабы болуп калат.






