Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Ак калпак күнү белгиленди.
Иш-чара министрдин биринчи орун басары Ж. Сейдалиевдин жетекчилиги астында өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө ак калпактын тарыхы, анын баалуулугу жана улуттук символ катары мааниси баса белгиленди. Ошондой эле аталган майрамдын пайда болуу тарыхы тууралуу улуу муундагы кызматкерлер өз ойлору менен бөлүшүп, кызыктуу маалыматтарды айтып беришти.
Иш-чарага министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.
Белгилей кетсек, бул майрам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна киргизилген өзгөртүүгө ылайык, 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары белгиленип келет.



Кыр
Рус