Уран кенин иштетүүгө уруксат берилбейт

Уран кенин иштетүүгө уруксат берилбейт

Уран жана торий кендерин чалгындоого, казууга уруксат берилбейт. Анткени
«Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамына күчүндө. Аталган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган.
Ал эми Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-жылдын 3-сентябрында коомдук талкууга койгон «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорунда уран жана торий боюнча да  маселе киргизилген. Анда уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп так жазылган эмес.
Тагыраак айтканда, үлүшү 100% мамлекетке таандык компанияга гана (жеке менчик компанияга тиешелүү эмес) уруксат берилиши мүмкүн. Ошондо дагы экологияга зыян тийгизбей турган жана эл аралык талаптарга жооп берген технология менен иш жүргүзсө.
Эскерте кетсек, бул документ кабыл алына элек, коомдук талкуу гана чыгарылганын эске салабыз. Ошондуктан уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп айтууга эртелик кылат. Коомдук талкууда келип түшкөн сунуш, пикирлер эске алынып, документтен бул пункт алынып салынышы да мүмкүн.